|
Милдеттүү акысыз нускалар
|
|
МИЛДЕТТҮҮ АКЫСЫЗ НУСКАЛАР – КР аймагында жана андан сырткары, КР аймагында коомдук таркатуу үчүн ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана жеке адамдардын буюртмасы боюнча чыгарылган, алардын өндүрүүчүлөрү тийиштүү мекемелерге жана уюмдарга, тийиштүү тартипте жана санда акысыз берүүсүнө жаткан, республикалык жана жергиликтүү мүнөздөгү аркыл документтердин нускалары. М. а. н. катарына документтердин төмөнкү түрлөрү кирет: өзүнчө редакциялык-басмалык иштеп чыгуудан өткөн, басмаканалык жактан өзалдынча жасалгаланган, чыгаруу маалыматтарына ээ басмакана өндүрүмдөрү – (тексттик, ноталык, картографиялык, сүрөт) басылмалар; сокурлар үчүн – Брайлдын тутуму боюнча томпок-чекиттүү тамгалар менен даярдалган басылмалар жана «сүйлөөчү китептер»; ырасмий документтер – мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлик органдарынын атынан басылып чыгарылган, мыйзам чыгаруучу, ченемдик, директивалык же маалыматтык мүнөздөгү басма чыгармалыры; аудиовизуалдык продукциялар – кино-, көрмө-, фото-, жана фонодокументтер; электрондук басылмалар, анын ичинде ЭЭМ үчүн программаларды камтыган жана маалымат базалары же ЭЭМ программалары жана маалымат базалары; жарыяланбаган документтер – илимий-изилдөө жана тажырыйбалык – долбоорлоо ишмердиктеринин натыйжалары (диссертациялар, илимий–изилдөө жана тажырыйбалык-долбоорлоо иштеринин отчеттору, убактылуу токтотулган илимий иштер, алгоритмдер жана программалар).
|